Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:27

СИЗОдогу 29 өзбек атуулунун абалы дурус


БИШКЕК. Ош шаарындагы №5-убактылуу кармоочу жайда Анжиандык 29 адам кармалып турат. Аларга карата тартип коргоо органдары жана жаза өтөө башкармалыгы тарабынан эч кандай кысым көрсөтүлгөн жок. Анжиандык атуулдар убактылуу кармоочу жайдын ички эрежесине, тарттибине ылайык кармалууда. Алар менен эл аралык уюмдар иштешип жатат. Бул тууралуу жаза өтөө башкармалыгынын жетекчиси Ихматулла Полотов 22-июлда маалымат жыйынында билдирди.

Тышкы иштер министринин орун басары Таалай Кыдыровдун мурдакы билдирүүлөрүнө караганда, Кыргыз өкмөтү эл аралык келишимдер талап кылган милдеттенменин экинчи баскычына киришкен. Ага ылайык азыр 256 адамга жашоочу жер издеген адам деген күбөлүк берилип, 100дөн ашык адам сурамжылоодон өткөрүлгөн. Ал эми алардын ичинен Оштогу убактылуу кармоочу жайдагы 29 адамдын 12синин Анжиан түрмөсүнөн качып чыкканы аныкталып, 17 адамга Анжиян окуясын уюштурган деп кылмыш иши козголгон жана алардын мурда да кылмыш жасаган-жасабаганы такталууда.

XS
SM
MD
LG