Багдаддын полициясы жайгашкан мекеменин жанында жардыруу болуп, андан кеминде 22 адам набыт кетип, 25и жараат алды. Маалыматтарга караганда, жан кечти машинасын айдап келип, полиция имаратын урунуп жардырган. Ага чейин полициянын 2 кызматкери атып өлтүрүлгөн болчу. Маалымат каражаттары Хилла шаарында да жардыруу болуп, андан бир бала каза болуп, 6 киши жараат алгандыгын жазып жатышат.