Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:59

Индиянын Кыргызстандагы элчиси Ошто


ОШ. 25-июль күнү Индиянын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси мырза Апуни Рамиш Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Мамасадык Бакиров менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Индия элчиси мырза Апуни Рамиш учурда Оштогу жибек куртун өндүрүүнүн абалы жана аны иштеткен “Ош-Жибек” акционердик коомунун техникалык шарттарына кызыгуусун билдирди. Элчи мырза эки тараптуу экономикалык кызматташуунун алкагында Ошто жибекчиликти жана жибек өндүрүшүн калыбына келтирүү боюнча индиялык ишкерлер тарабынан даярдалган атайын инвестициялык долбоорду сунуш кылды. Шаар мэринин милдетин аткаруучу Мамасадык Бакиров индиялык инвесторлордун Ошто иш алып баруусуна бардык шарттар түзүлөрүн жана инвестициялык климаттын шаарда бир кыйла турукташып калгандыгын белгилеп өттү. Жолугушуунун аягында элчи Апуни Рамиш күздө Дели шаарында өтө турган ишкерлердин эл аралык форумуна оштук ишкерлерден дагы чакырыла тургандыгын кабарлады.

XS
SM
MD
LG