Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:50

Ош шаарында жер участокторунун буга чейин берилишинин мыйзамдуулугун тактоо боюнча атайын комиссия ишин аяктады.


ОШ. Ооганчы ардагерлердин арызы менен шаардык мэриянын алдында түзүлгөн атайын комиссия шаардын мамлекеттик резиденция районундагы 220-кварталдагы жер участокторунун берилишинин мыйзамдуулугун аныктоо боюнча өз ишин жыйынтыктады. Аталган жер комиссиясынын мүчөсү, ардагер ооганчылар кошунунун төрагасы Эркин Арапмаматовдун сөзүнө караганда, берилген 80 жер участогунун жетимиши мыйзамсыз жолдор менен мурдагы жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө, же болбосо алардын жакындарына берилип кеткен. Комиссия иликтөө жүргүзүп жаткан учурда мурдагы шаар мэри Сатыбалды Чырмашевдин өткөн жылдын 6-ноябрындагы буйругу менен жер алгандардын жер участоктору жана турак-жайлары бар экендиги аныкталган. Ошол эле учурда көп жылдан бери жер алып, үй салуу үчүн кезекте турган бир дагы ооганчы ардагерге, же болбосо башка карапайым үй-бүлөлөргө аталган аймактан жер участогу берилген эмес. Чындыгында эле шаардын борбордук бөлүгүнөн орун алган 220-квартал буржуйлар шаарчасына айлана баштаган дейт, ооганчы ардагерлер кошунунун төрагасы Арапмаматов. Учурда жер участкаларынын берилишинин мыйзамдуулугун тактоо боюнча комиссиянын иликтөөлөрү тиешелүү укук коргоо органдарына берилди.

XS
SM
MD
LG