Линктер

жекшемби, 28-май, 2017 Бишкек убактысы 16:49

Тажикстан Ооганстандагы операцияларга колдоо көргөзүүнү токтотпойт


Бул тууралуу Дүйшөмбү шаарында АКШнын коргоо министри Доналд Рамсфелддин иш сапарынан соң жарыяланды. Кезинде Ооганстандагы антитеррордук операцияга колдоо көргөзүү максатында Тажикстанда Франциянын аскер-аба күчтөрүнүн 200дөй кызматчысы жана учактары жайгаштырылган эле. Тажик тышкы иштер министри Талбак Назаров кечээ Доналд Рамсфелд менен бирге өткөргөн пресс-конференцияда белгилегендей, Тажикстан өзүнө алган милдеттемелерин аткарат. АКШнын коргоо министри Тажикстанга чейин Кыргызстанда болду. Бишкектеги кечээги сүйлөшүүлөрдөн соң АКШнын Кыргызстандагы аскерий базасы Ооганстандагы кырдаал биротоло турукташмайынча кала тургандыгы айтылды.

Танкы кабарларды Прагадан Улан Эшматов даярдады

XS
SM
MD
LG