Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:52

Дүйнө террорчуларга кымындай да чегинбеши керек


Бул тууралуу кечээ Лондондогу пресс-конференцияда британ премьери Тони Блэр билдирди:

- Бул адамдар ( террорчулар) кандай актанууларды, жүйөөлөрдү келтирбесин, менимче, аларга биздин өлкөдө, бул жерде өткөрүп жаткан жашообузда, Ооганстанда, Иракта, эч жерде кымындай да чегинүү жасабашыбыз керек. Биз эки мамлекетке: Израил менен Палестинага, өнөктөштөрүбүзгө, анын ичинде Америкага колдоо көргөзүүдөн баш тартпашыбыз абзел. Биз террорчуларга эч кандай чегинүү жасабашыбыз керек.

Британ полициясы Лондодо өткөн бейшембидеги жардыруу жасоо аракетине тиeшеси бар деген шек менен беш адамды камаган. Алардын экөөсү Сомали менен Эритериядан келген иммигранттар экени кабарланды. Ал эми өткөн бейшембиден туура эки апта мурда жанкечтилер Лондондо жасаган жардыруулардан 52 адамдын өмүрү кыйылган.

XS
SM
MD
LG