Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 08:07

Түркмөнстанда мурдагы жогорку даражалуу дагы бир чиновник түрмөгө кесилди


Түркмөнстандын соту президенттик администрациянын мурдагы башчысы Реджеп Сапаровду жыйырма жылга түрмөгө кести. Сот аны пара алганы, кызматынан кыянат пайдаланганы, курал сактаганы жана башка бир катар укук бузууларга барганы үчүн айыптуу деп тапты. Байкоочулардын пикиринде, кызматынан ушул айдын башында эле алынган Сапаров келечекте президент Ниязовду мамлекет башчысынын кызматында алмаштыра турган адамдардын бири деп эсептелчи.

Дүйнөдөгү соңку жаңылыктарды Прагадан Улан Эшматов даярдады.
XS
SM
MD
LG