Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:14

ЛОНДОН ПОЛИЦИЯСЫ КАЙРАДАН ЖОГОРКУ ДАЯРДЫКТА


Нарын АЙЫП, Прага Лондон шаарынынын Туутиң деп аталган түштүк аймагында 28-июлда эртең менен дагы тогуз адам камакка алынды, анын алдында дагы үч аял кармалган.

Шаар полициясынын башчысы Йэн Блэрдин айтымында, 21-июлда төрт террор аракетин ишке ашырууну көздөгөндөр бир гана ката кетирген жана ошондуктан гана алар шаарга оор зыян тийгизген жок, бирок аны уюштурган адамдардын баары кармала элек жана дагы жаңы жардыруулар болушу мүмкүн:

- Кармала электер дагы жаңы аракет жасашы мүмкүн. Андан тышкары шаарда алардын уюмунан башка да уюмдар болушу ыктымал жана алар дагы жаңы чабуул жасоого жөндөмдүү.

21-июлдагы окуяларга тийешеси бар деп шектелген төрт адам 27-июлда Бирмингем шаарында кармалган жана алардын бири - Сомалиде туулган Ясин Хасан Омар - Лондонго жеткирилди. Полициянын айтымында, ал тергөө менен кызматташса, бир топ орчундуу маалымат бериши мүмкүн.

21-июль жана анын алдында элүүдөн ашык адамдын өмүрүн алып кеткен төрт жардыруу болгон 7-июль - эки күн тең бейшемби болгондуктан, бейшемби 28-июлда Лондон полициясы өзгөчө даярдыкта иштеди жана метро менен башка унаа каттамдарын кайтарууга абдан көп полициячы чыкты.

Транспорт полициясынын өкүлү Саймон Лубиндин айтымында, жаңы жардыруулар болот деген маалымат жок, бул жөн гана мүмкүн боло турган коркунучка даярдыктар:

- Бул аракеттердин максаты - элге коопсуздук ишенимин кайтаруу жана кырсыктын алдын алуу. Мурдагы жардыруулар бейшемби күнү болгон. Аларды уюштургандарды табууга биз бардык аракеттерди көрүп жатабыз, ошондуктан азыркы мезгил бир топ кыйын кезең, бирок кандайдыр бир жаңы жарылуу болот деген маалымат жок.

27-июлда болсо АКШнын "Эй-би-си" сыналгысы 21-июлда Лондондо колдонулган бомбалардын үлгүлөрүн көрсөттү, алар өтө кичине болгондуктан, андай жарылуучу аспаптар келечекте колдонулушу мурдагыга караганда алда канча оңой боло тургандай.

XS
SM
MD
LG