Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:13

Украина Канада менен Евробиримдиктин жарандары үчүн виза тартибин жойду


1-августан тарта Украинага Канаданын жарандары, ал эми 1–сентябрдан тарта Евробиримдик өлкөлөрү менен Швейцариянын жарандары 90 күнгө чейин визасыз келише алат. Муну караган жардыктарга кечээ президент Виктор Ющенко кол койду. Украина ошондой эле Жапония үчүн да виза тартибин жойгон. Ал эми АКШнын жарандары үчүн виза режими жөнөкөйлөштүрүлдү. Украин президенти муну менен бирге чет өлкөлөрдү украиналыктар үчүн виза тартибин жеңилдетүүгө чакырган эле. Бирок азырынча бир да өлкө жакынкы келечекте мындай кадамга барарын айта элек.

Таңкы эл аралык кабарларды Прагадан Улан Эшматов даярдады

XS
SM
MD
LG