БИШКЕК. 29-июлга караган түнү «Манас» аба майданынан өзбек качкындарынын бирөөсү үй-бүлө жагдайына байланыштуу Румынияга учуудан баш тарткан. Бул тууралуу качкындардын кызыкчылыгын коргогон «Адилет» укуктук уюмунун жетекчиси Чолпон Жакупова 30-июлда билдирди. Анын айтымында, ал төрт баласын кыя алган эмес жана Кыргызстанда калып, үй-бүлөсү менен кошулууга ниеттенүүдө. Чолпон Жакупованын маалымдоосуна караганда, ал тышкы иштер министрлигине, юстиция министрлигине жана башкы прокуратурага кат жазып, Оштогу СИЗОдо кармалып турган качкындар статусун өлкөнүн миграциялык кызматы аныктагандан кийин гана кандайдыр бир чечим кабыл алууга болоорун эскертип, аларды Өзбекстанга өткөрүп берүүгө каршы чыгууда.