Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:06

КУРШАБДА ДА КАЙРА ШАЙЛОО


Кубанычбек Жолдошев, Өзгөн 31-июль күнү № 39 Куршаб шайлоо округунун үч шайлоо участогунда кайра добуш берүү жүргүзүлдү. Аталган участоктордогу шайлоонун жыйынтыктарын кайра кароо боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын чечиминин негизинде кайрадан талапкерлер Адахан Мадумаров менен Мамат Орозбаев депутаттык мандат үчүн ат салышууда.

Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен Куршаб шайлоо округундагы Үчдөбө, Борбор жана Шарк шайлоо участокторунда кайра добуш берүү жургүзүлдү.

Талапкер Адахан Мадумаровдун ишенимдүү өкүлү Калмамат Атыров добуш берүү учурундагы одоно мыйзам бузуулар боюнча мына буларга токтолду:

-Шайлоо участоктун төрагасы Кочкоров Кашымжан жана Бишкектеги Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү баш болуп, мыйзам бузуулар кекиртектен. Пасторттор текшерилген жок. Документтери жоктордун бардыгы өтүп жатат. Мына биз тынч олтурабыз. Ошондой эле бул жерде Байматова Бишкектен келип алып шантаж кылып, атайын бечараларды чакырып, сүдүрөп видео запись кылып жатат.

Ал эми экинчи бир талапкер Мамат Орозбаевдин ишенимдүү өкүлү Сыдык Акимов атаандаш тарапка карата мындайча айыптоолорду айтып өттү:

- Адахан Мадумаровдун адамдары тескери үгүт иштерин кылып жатат. Көчөмө-көчө жүрүп шайлоо болбойт, келбейт деген үгүт иштерин жүргүзүп жатат. Алардын ою - шайлоону бузуу, себеби мурун булар кичине добушту көбүрөөк алып алган. Эгер шайлоого эл аз келсе булардын жеңиши болот.

Көз каранды эмес байкоочу Канайым Султанова кайра добуш берүү эки тараптын катуу тирешүүсү менен өтүп жаткандыгын айтуу менен одоно мыйзам бузуулар катары төмөндөгүлөрдү билдирди:

- Бул жерде көбүнүн паспорттору катталган эмес, жок экен. Ушул жерде болгондон кийин кайра-кайра келип биз көп адамдарды шайлоого киргизбей кайра кайтардык. Бирок көбүн көрбөй калдык, көбү кирип кетти.

№ 58 Шарк участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы Хашымжан Кочкоров алардын атына айтылып жаткан айыптоолорду четке какты:

- Көз карандысыз байкоочулар шайлоочуларга, комиссияларга тоскоол кылып жатышат. Таң эртеден баштап биз бардыгыбыз топтолуп келгенбиз. Кандай кылабыз, эмне кылабыз деп. Комиссиялар менен биргелешип паспорттордун каттамын дыкаттык жол менен текшерип жатабыз. Ошон үчүн бүгүн саат үч боло турган болсо 700гө жетпеген шайлоочу келди.

Көпчүлүк жергиликтүү байкоочулар кайрадан добуш берүүгө келишкен шайлоочулардын санынын төмөндүгүн белгилешүүдө. Округдук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда үч участоктогу добуш берүүнүн жыйынтыктары түнкү саат он экилерге чейин белгилүү болмокчу.

XS
SM
MD
LG