Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:59

ПУТИН ҮЧҮНЧҮ МӨӨНӨТКӨ ШАЙЛАНУУНУ КААЛАЙТ, БИРОК…


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Орусия президенти Владимир Путиндин Финляндияга жасаган эки күндүк ырасмий сапары шейшембиде аяктады. Турку шаарында Финляндиянын президенти Тарьи Халонен айым экөө журналисттер алдында суроолорго жооп беришти. Лидерлер Маскөө менен Европалык Союз алакасы, Балтика деңизинин боюнда жайгашкан өлкөлөрдөгү орусча сүйлөгөн тургундар абалын кеп кылышты. Маалымат жыйынында Владимир Путин Орусияда «2008 жылы өтчү президентти шайлоого барар элем, бирок Конституция ага жол бербейт» - деди. Социологдордун иликтөөсүнө караганда Владимир Путин орусиялыктарга жагат, бирок аны кайра шайлаш үчүн Конституцияны оңдоого макул эмес.

Мурдагы Советтик республикалар ордунан кайра пайда болгон мамлекеттерде «мөөнөтүм бүткөнгө карабай эл кайра шайлап салды» деген саясий “шылтоо” дүйнө коомчулугуна кеңири таанылып калды. Анын бир мисалы катары Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевдин канча жолу айнып кетип президенттик орунду талашышын айтса болот.

Анын сыңарындай Орусиянын президенти Владимир Путин да шейшембиде Турку калаада фин журналистерине берген жообунда үчүнчү мөөнөткө катышууга көөнү бар экенин, бирок ага Конституция жол бербешин айтты:

- Мен, балким, шайланууну каалар элем, бирок өлкөнүн Конституциясы ага жол бербейт.

Владимир Путин 2004-жылы экинчи мөөнөткө шайланган. Өлкөнүн Конституциясына ылайык, ал бийик орунга бир киши эки мөөнөткө, бардыгы сегиз жылга шайлана алат.

Мурдагы президент Борис Ельциндин көргөзүүсү менен бул орунга келген Путин кийинки жылдары 2008-жылдан кийин кызматтан кете тургандыгын айтып келатат. Ошого карабай орусиялыктар арасында Кремлде аны менен кошо олтургандар Конституцияны өзгөртүп, үчүнчү мөөнөткө шайлантканы атыптыр деп келишет.

Үстүдө жылы апрелде Алманияга барганда Путин мурдагы СССР жумурияттарынын кайсы бир лидерлери сыяктанып шайлоого катышыш үчүн Конституцияны буза албайм деген. Ошол эле апрель күндөрү дагы бир маалымат жыйынында «эгерде 2012-жылы президенттик орунду талашууга катышууну кааласам ага эч нерсе тоскоолдук боло албайт», дегени бар.

Мына ушундай кайчы ойлордон соң орусиялык саясий төбөлдөр президенттин үчүнчү мөөнөтүн узак кепке айлантышууда. Оңчул күчтөр союзу лидерлеринин бири Борис Надеждин бийлик үчүн Негизги мыйзамды оңдой коюш анча деле кыйынчылык туудурбайт дейт:

- Биздин Конституцияда жазылган арипке таяп, ага оңдоо киргизүү үчүн Мамдуманын үчтөн экисинин, Жогорку палатанын төрттөн үчүнүн жана субъект парламенттер көпчүлүгүнүн добушун чогултуу жетишерлик болот.

Путин кийинки беш жыл ичинде колунан эмне келет, эмне келбейт көргөзө алды, ошол себептүү өлкөнүн ырааттуулугун бузбайлы деген орусиялыктар үчүн ал жагат дейт Бүткүлорусиялык коомдук пикир борборунун башкы адиси Валерий Федоров. Ал ошондуктан анын рейтинги туруктуу деп эсептейт:

- Путиндин саясий айкели калыптанып бүттү. Ал революционер эмес экендиги талашсыз. Ал адам үчүн өлкөдө саясий абалдын туруктуулугу баарыдан жогору баланат. Саясий жагдайдын баштан аяк башкарылышы абдан баалуу.

XS
SM
MD
LG