Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:23

Хантеңириде кырсыктаган тик учмадагы кишилердин саны 17 экени такталды


БИШКЕК. 6-августта Хантеңири чокусунун Түштүк Эңилчек тоо кыркасында кырсыкка учураган тик учманын бортунда мурда кабарлангандай 12 эмес, 17 киши болгон. Бул тууралуу жекшемби күнү «Азаттыкка» берген интервьюсунда Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин граждандык коргонуу боюнча башкы башкармалыгынын башчысы Жыргалбек Укашев билдирди. Анын айтымында, 17 кишинин ичинен борттун командиринин буту сынып, борт инженеринин денеси күйүккө чалдыккан. Калгандары жеңил жарат алышкан. Кырсыкка учурагандардын 12си чет өлкөлүк туристтер, бирөө котормочу, 4өө экипаждын мүчөлөрү болушкан.

Чет өлкөлүктөрдүн 8и Германиядан, 1и Австриядан, калганы Орусиядан келишкен. Кырсыкка кабылгандар 7-августта ЯК-40 үлгүсүндөгү учак менен Бишкекке жеткирилди. Ал эми орусиялык туристтер өз каалоосу боюнча 6-август күнү кечинде эле Бишкекке сапар алышкан. Укашевдин айтымында, кырсыкка кабылган тик учма толугу менен күйүп кетти. Анын наркы 250 миң доллар турат.

XS
SM
MD
LG