Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:17

Феликс Кулов конокторду кабыл алды


БИШКЕК. 13-августта биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Феликс Кулов президенттин ант берүү аземине келген коноктордун айрымдарын, тактап айтканда, Жапан премьер –министринин кеңешчиси, мурдагы тышкы иштер министри мырзайым Е. Кавагучини, Чехия парламентинин ылдыйкы палатасынын төрага орун басары Войтех Филиппти кабыл алды. Жапаниядан келген конок менен жолугушууда Феликс Кулов жаңы өкмөт кыргыз-жапан мамилелеринин мындан ары да бекемделиши үчүн болгон аракетти жасаарын билдирди. Ал эми Чехия өкүлү менен жолугушууда Кулов Кыргызстан бул өлкөнү негизги стратегиялык өнөгү катары көрөөрүн айтты. Чехиядан келген конок да эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү боюнча сунуштарын айтып, саламаттыкты сактоо, гидроэнергетика жана транспорт тармагында инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу тууралуу сөз болду.

Феликс Кулов ушул эле күнү Шанхай кызматташтык уюмунун аткаруучу катчысы Чжан Дегуанды да кабыл алды. Жолугушууда Кулов бул уюмдун алкагындагы мамиле мындан да жакшы өнүгүшүн кааларын айтып, Кыргызстандын бул багыттагы саясаты өзгөрүүсүз калаарын белгиледи. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты

XS
SM
MD
LG