Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:06

Тони Блэр кыргыз бийлиги калган өзбек качкындарын да үчүнчү өлкөгө өткөрүп берээрине ишеним билдирди


БИШКЕК. Улуу Британиянын өкмөт башчысы Тони Блэр президент Курманбек Бакиевдин мамлекет башчы болуп шайланышы менен 15-августта куттуктады. Өзүнүн куттуктоо телеграммасында ал эки өлкөнүн өз ара кызматташтыгынын чыңдалышына кызыкдар экендигин белгилеп, кыргыз бийлигинин мындан бир нече күн илгери өзбекстандык 439 атуулду үчүнчү өлкөгө өткөрүп беришине ыраазычылык билдирди. Ошондой эле Тони Блэр кыргыз бийлигинин өзбекстандык калган он беш качкынды да БУУнун Качкындар боюнча конвенциясына ылайык үчүнчү өлкөгө өткөрүп берээрине ишене тургандыгын белгилеген.

Ал эми президенттин маалымат кызматы качкындар маселеси учурда Башкы прокуратура тарабынан иликтенип жаткандыгын маалымдап, он беш атуулдун тагдыры жакын арада эл аралык мыйзамдарга ылайык чечиле тургандыгын «Азаттыктын» кабарчысына билдирди.

XS
SM
MD
LG