Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:29

Таласта Конституциянын жаңы долбоорун талкуулоого арналган форум өттү


ТАЛАС. Шаардык мэриянын чоң залында өткөн бул форумду демократияга колдоо көрсөтүүчү Кызыладырдагы жана Талас шаарындагы борборлор уюштурду. Форумга облустун аймагында буга чейин өткөн талкууларга активдүү катышкан жарандар катышты. Бийлик бутактарынын ыйгарым укуктарынын бөлүштүрүлүшү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана укуктары боюнча талкуулар жандуу өттү. Форумдун жүрүшүндө Конституциянын жаңы долбооруна жүзгө жакын сунуш-пикирлер түштү. Алар ыраатталып, Конституциялык кеңешмеге жөнөтүлөт.

XS
SM
MD
LG