БИШКЕК. 16-августта Бишкектеги райондор аралык соту өзбек качкындарына байланыштуу арызды карай баштады. Кыргызстандын миграциялык кызматы үч өзбек бозгунуна качкын макамын берүүдөн баш тарткандыгына байланыштуу «Адилет» бейөкмөт уюму сотко кайрылган жана 11-августта сот бир бозгундун ишин карамак болуп, кайра жылдырып койгон. Учурда Оштогу тергөө абагында 15 бозгун бар. Алардын он экисин Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча башкармалыгы “качкын” деп тааныган.