“Куштардын сасык тумоосу” Орусиянын чыгышы – Сибирден башталып бир айга жетпеген убактын ичинде батышы – Калмакстанга жетти. Жугуштуу оору башталгандан бери, ырасмий булактар билдиргенге караганда, 140 миң баш канаттуу тумоодон кырылып же ал жайылып кетпесин деп жок кылынган. Буга дейре алты аймактан чыккан ылаң жума күнү – 19 августта Калмакстанда да пайда болду.
Ал илдетти же вирусту окумуштуулар H5N1 деп аташууда. Краснояр крайынын башкы ветеринардык адиси Михаил Килин айтканга караганда, “Куштардын сасык тумоосу” тез өзгөрүлүп турат. Кээде анын жетилүүсү 21 күнгө созулса, кээде үч гана күнгө созулат. Ал дарт жуккан куштун көзү көк таштай көгөрүп чыгат. Ал канаттууну айыктыруу мүмкүн эмес. Дароо жок кылып этин жүнү менен өртөп ийиш керек. Эмне дегенде кийинки бир нече жылдын ичинде Түштүк Чыгыш Азия менен Европада ал илдеттен ондогон миллион үй канаттуулары жок кылынды. Бүткүл дүйнөлүк саламатты сактоо уюмунун (ВОЗ) маалыматы боюнча “куштардын сатык тумоосу” жугуп Вьетнамда 42 киши, Тайланда 12 киши, Камбожада 4 киши, Индонезияда 3 киши өлгөн.
Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму “куштар сасык тумоосу” жер жүзүндө калктын 20-дан 50 пайызына дейре жайылышы күтүлөт, ошондуктан, бардык өлкөлөр ага даяр турууга керек деп чакырык таркатты. Биринчи кезекте калк арасында ал илдетке каршы эмдөө иштерин жүргүзүү талап кылынууда. Ошол эле учурда дартка каршы киши эмдөөчү дарынын тартыш экенин да айтып чыккан.
Орусияда болсо “куштар сасык тумоосу” жапайы өрдөктөр менен Кытай тараптан келди деп Сибирден тартып ал дарт таркаган бардык жердин куштарын иликтөөгө киришти. Илимдер академиясынын вирусология институтунун деректири Дмиртий Львовдун пикири боюнча, илдет жумурткадан чыккан балапанда да болушу ыктымал:
- Жазында бул жерге жумуртка басып чыгарган келгин куштар балапанында ал дарт барбы? Эгерде болсо анда ал үй канаттууларына жугуп андан кишиге жугабы? Ушуну аныктоо керек.
Ал вирус 10-августта Казакстандан жолуккан. Кийин Монголиядан да пайда болду. РИА “Новости” 19-августа таркаткан маалыматта, Түндүк Казакстан обулусуна караштуу Налобино кыштагынан да “куштар тумоосу” кайра чыккан. Ал туурасында өлкө айыл чарба министирлиги мойнуна алган.
Карантин жарыяланган аймактарга келсек, орусиялык агенттиктер кабарында, кийинки бир күн ичинде, Алтай крайына караштуу ал дарт белгиленген 16 кыштактын бирөөндө гана тооктор кырылуусу жолуккан. Ом, Новосибир обулустарынан бирден кыштакта тоок, каз кырылуусу жолуккан. Челябин обулусунун үч кыштагында тооктор кырылуусу уланган. Курган обулусунда баш-аягы 19 кыштактын үй канаттуулары кырылып калган. Түмөн обулусунун кыштактарында үй канаттуусунун кырылуусу токтогон.
Башкортостан жана Удмурт жумурияттарында да “куш тумоосу” байкалганы маалым болууда, бирок аны ырасмий булактар “канаттуулар жемге уугушуп кырылган” деген аңырт менен алмаштырышууда дешет.