Ирактын баш калаасы Багдадда бүгүн эки полиция кызматкерин өлтүрүп кетишти. Андан сырткары, Ирактын Юстиция министрине дагы бир жолу кол салуу болду. Министрге кечээ да кол салышкан эле. Анын машинесин атып кетишти. Министрдин төрт жансакчысы өлгөнү кабарланды.