Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:39

Аба ырайы


БИШКЕК. Синоптиктердин кабарлоосуна караганда, 26-августта Кыргызстандын аймагы боюнча ала булут каптап турат. Айрым жерлерде кыска мөөнөттө жаан жаашы күтүлөт. Түндүк-батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жеткен жел жүрөт.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн +11...+16, күндүз +21...+26 градус жылуу. Ысыккөл аймагында түнкүсүн +8...+13, күндүз +19...+24 градус. Таласта түнкүсүн +9...+14, күндүз +20...+25. Республиканын Жалалабат, Ош, Баткен облустарында түнкүсүн +13...+18, ал эми күндүз +23 градустан +28 градуска чейин ысык болот. Нарын жергесинде түнкүсүн +5...+10, күндүз +19...+24 градус.

Борборубуз Бишкекте түнкүсүн +13...+15 градус, ал эми күндүз абанын жылуулугу +23...+25 градусту түзөт.

Күндүн узактыгы: 13 саат 26 мүнөт.

Кабарлар топтомун Азиза Турдуева, Аманбек Жапаров жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор – Шайырбек Эркин уулу

XS
SM
MD
LG