Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:06

КАДР САЯСАТЫ БАКИЕВ МЕНЕН КУЛОВДУН ОРТОСУНА ЖАРАКА ТҮШҮРӨБҮ?


Бакыт Аманбаев, Бишкек Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Феликс Кулов 26-августта коомчулукка кайрылуу жолдоду. Кайрылууда жаңы өкмөткө кадрларды тандоо ачык, адистигине, жөндөмүнө карап, конкурстук негизде жүргүзүлөөрү айтылган. Айрым саясатчылар Феликс Куловдун мындай аракетин колдоого алышса, айрымдары сынга алышууда.

Президенттик шайлоого чейин түзүлгөн Кулов-Бакиев тандемине ылайык, жаңы шайланган президент коомчулукка ант бергенден кийин дароо эле Феликс Куловду өкмөт башчынын милдетин аткаруучу кылып дайындады. Баш мыйзамга ылайык эми жакынкы күндөрү өкмөттүн жаңы курамы түзүлөт. Буга байланыштуу өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Феликс Кулов 25-августта коомчулукка кайрылып, жаңы өкмөт курамына кадрларды тандоо ачык, адистик жөндөмдүүлүгүнө ылайык, конкурстук негизде жүргүзүлөөрүн эскертти. Ошондой эле өкмөт башчынын милдетин аткаруучу бардык атуулдарды мындай сынакка тартынбай катышууга чакырды.

Азырынча мындай сыноолор кайсыл мамлекеттик кызматка, качан өткөрүлөөрү коомчулукка ачык айтылган жок. Ошол эле мезгилде мындай сыноо ким тарабынан, тагыраак айтканда, кандай конкурсттук комиссия тарабынан чечилээри да белгисиз. Бул боюнча биздин өкмөт башчынын милдетин аткаруучу менен байланышуу аракетибизден майнап чыкпагандыктан, Феликс Кулов жетектеген “Арнамыс” партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиевге кайрылдык. Эмил Алиев мындай сынак бардык министрлик жана башка жогорку кызмат орундарына жүргүзүлүп жаткандыгын маалымдады:

- Мындай сынак жогорку мамлекеттик кызмат орундарына жүргүзүлүп жатат. Ага министрлик кызмат орундары да кирет. Бирок министрлер саясий фигура болгондуктан аларга талап башкача болот.

Эмил Алиев мындан сырткары сынактын жыйынтыгы атайын түзүлгөн комиссия тарабынан чыгарыларын кошумчалады.

Өкмөт башчынын милдетин аткаруучунун мындай кайрылуусу жана мамлекет башчынын соңку мезгилдердеги дайындоолору боюнча коомчулукта түрдүү пикирлер жаралууда:

- Эгерде өкмөт башчынын милдетинин аткаруучунун кадрларды эркин тандоосуна мүмкүнчүлүк берилсе жакшы болмок. Соңку мезгилдери андай болбой, мамлекет башчы өз адамдарын өзү дайындап койууда. Бүгүнкү түзүлгөн өкмөт эски Баш мыйзамга ылайык эле Акаевдин мезгилиндеги коррупциялашкан чиновниктерден түзүлүүдө, - дейт укук коргоочу Рамазан Дырылдаев.

Ал эми «Эл эрки» саясий кыймылынын жетекчиси Болот Байкожоев Куловдун мындай аракетин колдойбуз дейт:

- Куловдун билдирүүсүн жүз пайыз колдойм. Жакшы кадам кылууда. Эгерде ага президент тоскоолдук кылса, анда президент туура эмес иш жасаган болот.

Ал ошондой эле өкмөттүн стурктурасы жана курамы Баш мыйзамга ылайык эмес, Кулов-Бакиев тандемине ылайык өкмөт башчынын милдетин аткаруучу тарабынан түзүлүш керектигин кошумчалады:

- Президенттик шайлоо алдындагы келишимде өкмөт курамы, аткаруу бийлиги Кулов тарабынан түзүлөт деп макулдашылган. Учурда андай болбой, кадр маселеси президент тарабынан чечилүүдө. Мен буга каршымын. Бул туура эмес.

Ошол эле мезгилде айрым саясатчылар жаңы окмөттүн курамы Баш мыйзамга ылайык түзүлүшү зарыл дешет:

-Эми Кулов кандай кайрылуу жасаганын мен көрүп жатам. Бирок ал кайрылуудан башка Кыргыз Республикасынын Баш мыйзамы бар. Бардык маселе ошого ылайык чечилет. Экинчиден, өкмөттүн түзүмү, курамы боюнча президенттин жеке пикири болот. Кыргыз өкмөтү аукцион өткөрө тураган жер эмес, - дейт вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Адахан Мадумаров.

Айтор байкоочулардын пикиринде, соңку мезгилдери өкмөттүн курамын тактоо боюнча аткаруу бийлигинин мүчөлөрүнүн арасында жана коомчулукта түрдүү пикирлер орун алууда. Курманбек Бакиев менен Феликс Куловдун командаларынын ортосундагы мындай пикир келишпөөчүлүктөр акыры барып, аттары аталган эки саясатчынын ортосундагы ажырымга алып келиши да ыктымал, дешет талдоочулар.

XS
SM
MD
LG