Көз карандысыз мамлекеттер шериктешигинин (КМШ) мамлекет башчыларынын Казан шаарынын 1000 жылдык мааракесине удаа өткөн саммитинин күн тартибиндеги башкы тема - илең-салаң иштеп жаткан уюмду реформалоо көйгөйү болду.
Пост-советтик саясый-мейкиндиктеги мурдакы ордун жоготпоонун далаалатын кылган Орусия КМШны сактап калууга ашыкча кызыкдар. Лекин, акыркы жылдары лидерлердин “орток тил табуусу өтө кыйын болуп баратат”. Бул өз кезегинде КМШнын чечимдеринин аткарылышына кедерги болууда.
Экономика жаатындагы проблемаларды чогуу чечүүгө, президент Путин май айында Москвада болгон саммитте мойнуна алгандай, КМШнын дарамети жетпей жатат. Андыктан Путин Казандагы жыйында уюмдун иш ыкмалары моралдык да, методологиялык да жактан эскиргенин белгилөө менен кесиптештерин жаңыча иштөөгө чакырды:
– СССР кыйрагандан кийин башаламандыкка жана дезинтеграцияга жол бербөө - бир иш. Максатка жетүү үчүн заманбап жалпы дүйнөлүк нукка жана интеграцияга үндөш иштөө - башка иш.
Казакстандын президенти Н. Назарбаев да жума күнү Казанга келээр замат жасаган билдирүүсүндө “экономикалык интеграция жана элдин жашоосун жакшыртуу үчүн КМШ сакталышы керек” деген оюн айткан.
Уюм 1991-жылы түзүлгөндө ага мурдакы СССРге кирген 15 жумурияттын ичинен Балтика боюндагы үч республика гана кошулган эмес.
Владимир Путиндин билдиришинче, Казандагы жыйынга катышкан бардык 12 өлкөнүн лидерлери КМШны уюм катары сактоого ынтызарлыгын көрсөтүштү. Ал эми уюмдун төрагасы 2006-жылы Минск шаарында болчу жыйынга чейин такталат.
Ушул тапта уюмга Орусия президенти төрагалык кылат.
Лидерлер “Шериктештиктин органдарын реформалоо жана ишин жакшыртуу” жөнүндөгү документке кол коюшту. Кабыл алынган документтердин ичинде чек ара саясатын макулдашуу концепциясы, мыйзамсыз миграцияга каршы кызматташуу, ошондой эле террорчулукка жана экстремизмге каршы күрөшүү программасы жана башка документтер бар.
Лидерлер 2006-жылды «Шериктештиктин жылы» деп жарыялашты.
Казандагы саммитке КМШга мүчө 12 өлкөнүн ичинен Түркмөнстандын президенти Сапармурад Ниязов гана келген жок.