БИШКЕК. 26-августта өкмөт үйүндө премьер-министрдин милдетин аткаруучу Феликс Кулов Эл аралык валюта корунун Тапио Саавалайнен баштаган миссиясы менен жолугушту. Анда Феликс Кулов буга чейин көп иштер жасалганын, эми принципиалдуу маселелер боюнча макулдашуу керектигин белгиледи. Жолугушууда 2006-жылдын бюджетине, Салык кодексине байланышкан маселелер талкууга алынды.Бул өкмөт башчынын милдетин аткаруучунун ушул айдын 30уна дейре Кыргызстанда болчу аталган миссия менен экинчи жолку жолугушуусу. Эки жумага жакын убакыттан бери Кыргызстанда болгон эл аралык каржы уюмунун адистери өлкөнүн экономикалык өнүгүш көрсөткүчтөрүн кылдат иликтөөгө алышты. Бул тууралуу ушул эле күнү өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.