БИШКЕК. 23-августтан 24-августка караган түнү Бишкек шаарындагы «Арбат» түнкү клубунда 30-35 жаш чамалаш, европа улутундагы адам 23 жаштагы Олеся аттуу кызды карай ок чыгарган. Жаагына ок тийген кыз ооруканага жаткырылды. Ал эми ок чыгарган адамга издөө салынды. Бул тууралуу 26-августта ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Нурдин Жангараев билдирди. Ушул эле күнү Олесянын атасынын кабарлаганына караганда, анын кызы Жогорку Кеңештин депутаты Роман Шиндин жардамчысы, ал эми ок чыгарган адам Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин кызматкери болгон. Мындай маалыматты 26-августта Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин кызматкери Минаев мырза бышыктап, элчилик бул окуяга кабатыр экендигин билдирди. Кызматкердин айтымында, аталган факт боюнча тартип коргоо кызматы элчилик менен бирге иликтөө жүргүзүп жатат.