Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:31

«Азаттыктын» кабарчылары мамлекеттик наамдарды алышты


БИШКЕК. 29-августта президент Курманбек Бакиев эгемендүүлүктүн 14 жылдыгына карата билим берүү, адабият, маданият тармактарынын кызматкерлерине мамлекеттик сыйлыктарды жана наамдарды тапшырды. Маданият комиссиясынын төрагасы Султан Раевдин билдиргенине караганда, сыйлык-наамдарга татыктуу болгондордун басымдуу бөлүгүн мурдагы бийлик учурунда эмгеги калыс бааланбай келген таланттуу инсандар түзөт. Алардын катарында белгилүү акындар Шайлообек Дүйшеев, Анатай Өмүрканов, драматург Мырзабек Тойбаев, композитор Түгөлбай Казаков сыяктуу атуулдар бар. Бул күнү президент Курманбек Бакиев коомчулукка калыс, чынчыл маалымат жеткирүүгө кошкон салымы үчүн «Азаттык» радиосунун журналисттери Жаркын Темирбаевага, Бүбүкан Досалиевага жана Кыяс Молдокасымовго да “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” деген мамлекеттик наамды тапшырды.

XS
SM
MD
LG