БИШКЕК. Өкмөттүн түзүмү жана курамы жөнүндө президенттин сунушу парламентке түшө элек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев билдирди. Анын пикиринде, премьер-министрликке сунуш 2 күн кеч келиши, ал эми өкмөт боюнча сунуштун эмдигиче жоктугу жакшы эмес белги. Өмүрбек Текебаев бул нерсе өкмөттө уюштуруу иштеринин начардыгын же каршылаш күчтөрдүн тирешин билдирет дейт. Спикер Текебаев Данияр Үсөнов даярдаган, Феликс Кулов сунуштаган жана башка бир нече долбоорлор ортосунда катуу талаш жүрүп атат деген божомолун билдирди. Вице-премьер министрдин милдетин аткаруучу Адахан Мадумаровдун пикиринде, өкмөттүн курамы жана жаңы түзүмү ачыкка чыгаарына саналуу күндөр калды. Азырынча беш министрлик жоюлуп, 11 минисрлик гана калаары белгилүү.