БИШКЕК. Айдар Акаев жакынкы күндөрү Бишкекке келип, аны кол тийбестиктен ажыратуу маселеси боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия менен жолугушат. Бул тууралуу Айдар Акаевдин адвокаты Маким Максимович билдирди. Адвокаттын айтымында, Москвада нотариуста күбөлөндүрүлгөн Айдар Акаевдин Башкы прокуратурага жазган билдирүүсү жакынкы күндөрү жарыяланат. Ал билдирүүдө экс-президенттин баласы ага тагылып жаткан айыптар боюнча түшүндүрмө берет. Маким Максимовичтин айтымында, Айдар Акаевге “чекеңе курал кадайбыз” деп коркутуп жаткан тараптар бар, ошондуктан анын Кыргызстанга келиши да кооптуу болууда. “Вечерний Бишкек” гезитине 1-сентябрда Кеминдик шайлоочулардын атынан кайрылуу жарыяланган. Анда Айдар Акаевди бийлик коргой албаса, шайлоочулар өзү коргоп алаары жазылган. Бирок айрым депутаттардын пикиринде, бул - атайын уюштурулуп жаткан саясий акция.