Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:03

Өзбек бозгунуна качкын макамын берүү маселеси сотто каралат


БИШКЕК. 5-сентябрда Бишкектеги район аралык соту «Адилет» укук коргоо уюмунун арызын кароону улантат. Бул тууралуу 4-сентябрда «Адилет» уюмунун төрайымы Чолпон Жакупова билдирди. Тышкы иштер министрлигинин алдындагы миграция департаменти өзбекстандык төрт бозгунга качкын макамын берүүдөн баш тарткандыгына байланыштуу Кыргызстанда калган 15 өзбекстандык атуулдун кызыкчылыгын коргогон “Адилет” бейөкмөт уюму сотко кайрылган. 18-августта үч күндүк сот жараянынан кийин Бишкектеги район аралык соту Ош тергөө абагындагы бир адамдын иши боюнча арызды канааттандырган. Ага ылайык, бир айдын ичинде миграция департаменти өзбек бозгунуна качкын макамын берүү маселесин кайра карап чыгууга тийиш. Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча башкы комиссариаты Оштогу 15 бозгундун ичинен Кыргызстандын миграция департаменти кылмышкер деген себеп менен качкын макамын бербей койгон 4 бозгундан башкасына качкын макамын ыйгарган.

XS
SM
MD
LG