Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:58

Кыргызстандын Орусияга болгон тышкы карызын төлөө мөөнөтү узартылды


БИШКЕК. Кыргызстандын Орусияга болгон 183 миллион доллар тышкы карызы реструктризацияланды. Тагыраак айтканда, мындай акчаны төлөө мөөнөтү 33 жылга узартылды. Каржы министри Акылбек Жапаровдун «Азаттыктын» кабарчысына берген маалыматына караганда, Кыргызстандын Орусияга болгон тышкы карызынын үстөк баасы 33 жылда тогуз миллион 600 миң доллар болот. Кыргызстан алгачкы жети жылда негизги карызды төлөбөй анын үстөк баасынын он беш пайызын гана төлөйт. Ал эми үстөк баанын калган бөлүгүн төлөө негизги сумма менен бирге жыйырма үч жылдан кийин төлөнө баштайт. Мындай келишимге Орусия менен Кыргызстандын Каржы министрлери президент Курманбек Бакиевдин Москвага болгон иш сапары учурунда кол коюшту.

XS
SM
MD
LG