Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:15

Гумандуу өнүгүүдө Борбор Азия артта келатат


Бул тууралуу Бириккен Улуттардын "2005-жылдагы Гумандык өнүгүү" отчeтунда айтылат. Бириккен Улуттардын Өнүктүрүү программасы - ЮНДПнин өкүлү Жина Волынски изилдөөнүн авторлору "өнүгүүгө теңсиздик каскак болуп жатат" деген жыйынтыкка келишкенин маалымдады. Волынскинин айтымында, ЮНДПнин "гумандуу өнүгүү индекси" бүт дүйнөдө жалпысынан жогорулады, бирок Борбор Азия, аны менен катар Түштүк Африка артта кала берүүдө.

Айрыкча жылыш Европа Союзуна жаңы кирген өлкөлөрдө катталган, мурда Советтер Союзунун батыш аймагында жайгашкан өлкөлөрдө да жылыштар болгон. ЮНДПнин директорунун орун басары Сара Бөрд-Шарпс “Азатыкка” бир өлкөнүн ичинде жашаган элдердин өз арасында айырмачылык чоң экендигин белгиледи:

– Негизги себептердин бири - элдердин өз арасындагы теңсиздик. Улуттук, диний, аймактык топтордун арасындагы айырмачылыктар бир топ. Бир эле өлкөдө бирөөлөрү өлбөстүн күнүн көрүп жатса, башкалары кой үстүндө торгой жумурткалаган шартта жашап жатышат.

Бөрд-Шарпс ошондой эле мындай айырмачылыктар эсепке алынбаса, жаңжал чыгып кетиши ажеп эмес деди.

XS
SM
MD
LG