Бул тууралуу АКШнын мурдагы казна башчысы Пол Волкер жетектеген көз карандысыз комиссия жарыялаган отчетто айтылат. Волкер Коопсуздук кеңешинин алдында чыгып сүйлөп, мунай жана азык-түлүк программасы боюнча кимдин эмнеге жооп берерээри так аныкталбагандыктан, Саддам Хусейн анын ишине кийлигише алган кырдаал түзүлгөнүн мындайча белгиледи:
– Жетекчилик кимдин колунда болгондугу белгисиз. Артка тартуу, же чечим чыгарууну создуктуруу адаттагы көрүнүш болгон. Бул кемчиликтерге жогорку кызматтардагылардын адеп-ахлаксыз жана коррупциялашкан жүрүм-туруму кошул-ташыл болгон.
Ошол эле убакта отчетто баш катчы Кофи Аннандын бул программага жооптуу адамдарды тандоого ыксыз кийлигишкендиги ырасталбаганы бышыкталат.