Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:37

Өкмөттүн жаңы структурасы Жогорку Кеңешке сунушталды


БИШКЕК. 8-сентябрда Жогорку Кеңешке өкмөттүн жаңы структурасы президент тарабынан сунушталды. Долбоордо 12 министрлик, бир мамлекеттик комитет, эки вице-премьер-министр кызматы каралган. Ал эми азыркы структурада беш вице-премьер-министр, 14 министрлик, эки мамлекеттик комитет иштеп турат. Президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым-укуктуу өкүлү Данияр Нарынбаевдин билдирүүсүнө караганда, парламент өкмөттүн структурасы жөнүндө мыйзамды дүйшөмбү күндөн тартып карай баштайт. Министрликтерден сырткары өкмөттүн курамына кирбеген, бирок өкмөт алдында 15 административдик тармактык мекеме, өлкөнүн 28 борбордук органы сунушталууда.

XS
SM
MD
LG