Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:46

ОШ-КАРАСУУ ЖОЛУ ҮЧ СААТТАЙ БӨГӨЛДҮ


Кубанычбек Жолдошов, Карасуу 11-сентябрь күнү Карасуу райондук прокуратурасынын алдына нааразылык акциясына чыгышкан үч жүзгө жакын адам Карасуу-Ош жолун үч сааттай бөгөп турушту. Нааразы тараптар Карасуу базарынын башчысы Абдалим Жунусовду атып өлтүргөн кылмышкерлерди табуу, өлкөнүн Баш прокурору Азимбек Бекназаровго жана Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баековага ишеним көргөзбөө талаптарын коюшту.

Эртең мененки тогуздар чамасында колдоруна “Элге ок аткандарга аесуз күрөш!”, “Каракчылардын адвокаты Бекназаров жоголсун!”, “Депутат Баяман Эркинбаев жоопко тартылсын!”, “Баекова кызматтан кетсин!” деген сыяктуу ураандарды көтөрүшкөн адамдар райондук прокуратуранын алдына келип жыйын өткөрүштү. Чыгып сүйлөгөндөрдүн көпчүлүгү 13-июнь күнкү “Алай” мейманкасындагы ок атуу окуясын иликтөөдө Баш прокурор Азимбек Бекназаров калыстыктан тайды дегендей пикирлерди айтышты. Карасуу базарынын жаңы жетекчиси Базарбай Бейшебаев болсо буларга токтолду:

- Маселе Бекназаровдун мурда элди аткан адамдарды жашаган аймагынан сыртка чыкпоо жөнүндө тил кат менен чыгырып жибергенине да байланыштууу болсо керек. Биз ойлоп жатабыз, ушул адамдардын өлүмүнө ошол чыгарып жибергендер да күнөөлүү деп. Азыркы күндө адамдардын бардыгы бүгүнкү бийликке, мыйзамга ишенбей калды. Үч айдан бери мыйзамды күтүп отурдук, мыйзам чегинде бардыгы болот деп. Мына акырында эки адамдан ажырап олтурабыз.

Наразылык чыккандардын бири Дамир Абдиев 5-сентябрь күнү белгисиз адамдар тарабынан атылган Абдалим Жунусовдун жана Санжарбек Абдиевдин туугандары күч органдары тезинен кылмышкерлерди таап, жазалай албаса, жергиликтүү калк өзүлөрү жазалай тургандыктарын мындайча белгиледи:

- Мындан ары ушинтип улана берсе, Карасуу районун эли колубузга курал алып, ишенбеген бийликке каршы чыгабыз. Биз мындан кийин чындыкка ишенбейбиз. Болду, чегине жетти. Өзүбүздү өзүбүз коргойбуз.

Митинг жүрүп жаткан учурда нааразылык акциясынын катышуучулары Карасуу-Ош автожолун бөгөп, үч сааттай тосуп коюшту. Жол милиция кызматкерлери менен нааразы тараптардын өз ара сүйлөшүүсүнөн кийин гана ачылды деп билдирет Ош облустук ички иштер башкармалыгынын ага инспектору Жеңишбек Ашырбаев:

- Абдалим Жунусов менен Санжарбек Абдиевдин туугандары эртең мененки саат тогуздан он экиге чейин нааразылык акциясына чыгышып, Карасуу-Ош автожолун бөгөп турушту. Укук коргоо органдарынын кийлигишүүсүнүн натыйжасында жол тоскондор саат он экилер чамасында гана жолду ачып беришти.

Нааразылык чарасына жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн эч кимиси келген жок.

XS
SM
MD
LG