Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:28

Кыргыз делегациясы БУУнун сессиясына жөнөп кетти


БИШКЕК. Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 60-сессиясына катышуу үчүн президент Курманбек Бакиев башында турган кыргыз делегациясы 13-сентябрда Нью-Йорк шаарына жөнөп кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. 14-17-сентябрда боло турган пленардык отурумга катыша турган кыргыз делегациясынын курамында тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Роза Отунбаева, президенттин администрациянын башчысынын орун басары, тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Аликбек Жекшенкулов жана башка расмий өкүлдөр бар. Бириккен Улуттар Уюмунун жыйынында Курманбек Бакиевдин сөз сүйлөөсү, андан кийин бир катар расмий жолугушуулар өткөрүүсү, анын ичинде америкалык ишкерлер менен кезигишүүсү белгиленүүдө.

XS
SM
MD
LG