Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:02

ПАРЛАМЕНТТИ ТАРАТУУ ЗАРЫЛБЫ?


Бакыт Аманбаев, Бишкек Топчубек Тургуналиев жетектеген “Эркиндик” партиясы Жогорку Кеңешти таратуу боюнча соңку бир нече күндөн бери өлкөнүн бардык дубандарында кол топтоодо. Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаевдин пикиринде, учурда Кыргызстанда парламентти таратууга теориялык жана иш жүзүндө мүмкүнчүлүк бар. Дегеле бүгүнкү күнү парламентти таратуу зарылдыгы барбы, эгерде Жогорку Кеңеш таратылса саясий жактан кандай натыйжаларга алып келиши ыктымал.

Парламенттик шайлоолордо жол берилген мыйзам бузуучулуктан чыккан нааразылык иш чаралары өз мезгилинде Кыргызстанда бийлик алмашуусуна түрткү болгондугун танууга болбойт. Мына ушундан улам Жогорку Кеңешти таратуу демилгеси адегенде, март ыңкылабынан кийин эле дароо пайда болгон.

Көп өтпөй Топчубек Тургуналиев жетектеген “Эркиндик” партиясы өлкөнүн бардык дубандарында кол топтоо иш чарасын баштады. Аталган партиянын төрагасынын орун басары Адылбек Касымовдун айтымында, “Эркиндик” партия мүчөлөрү учурда өлкөнүн жер-жерлеринде эл көп топтолгон жерлерге Жогорку Кеңешти таратууга чакырган плакаттарды илишип, столдорду коюп алышып, атуулдардын колун топтошууда:

- Жер-жерлерге плакаттар илинип, столдор коюлуп кол топтолууда. Каалоочулар абдан көп.

Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев 14-сентябрда өткөргөн маалымат жыйында “Эркиндик” партиясы учурда 200 миңден ашуун кол топтолгондугун айтып, бүгүнкү күнү парламентти таратууга реалдуу мүмкүнчүлүк бар экендигин мойнуна алды. Ал эми Кыргызстандын Баш мыйзамына ылайык, эгерде үч жүз миң адамдын колу топтоло турган болсо, мамлекет башчы референдумга коюга мажбур болот.

Парламентти таратуу боюнча коомчулукта да түрдүү пикирлер орун айтылууда. Айрым саясатчылар жана бейөкмөт уюмдар парламентти таратууга каршы болушууда. “Демократия жана жарандык коом үчүн бейөкмөт уюм башчысы Эдил Басалов парламентти таратпоого мындайча жүйөө келтирет:

- Бийлик бутактары бири-бирине көз каранды болбош керек. Чөнтөк парламент болуп калса туура эмес. Учурдагы парламент келечекте мындан да күчтүү талаптарын коюшу керек. Ошондо гана коом, өлкө өнүгөт.

Ал эми парламенттин айрым депутаттары болсо, эгерде Жогорку Кеңешти таратуу боюнча референдум жарыялана турган болсо, учурдагы депутаттар өздөрүн коргоо максатында өлкөнүн бардык жеринде референдумга каршы иш жүргүзөөрүн жашырышкан жок:

- Биз референдумга каршы иштейбиз. Биз мындай аракеттердин негизсиз экендиги боюнча коомчулук арасында иш жүргүзөбүз. Бул саясий күрөш, ошондуктан биз чечкиндүү кадамдарга барабыз, - дейт депутат Тайырбек Сарпашов.

Ал эми депутат Кубатбек Байболов болсо, парламентти таратуу өлкөдөгү саясий кырдаалды курчутат деген ойдо:

- Биз ушул жол менен кете берсек, өлкөнү эбегейсиз чоң кризиске дуушар кылабыз. Анткени биз парламентти таратсак кайсыл Конституциянын негизинде бийлик системасын курабыз. Кайра эле ушундай болуп калат. Ошондуктан элден мурда өлкөдө саясий реформа жасоо зарыл.

«Эркиндик» партия башчысынын орун басары Адылбек Касымов парламентти таратуу боюнча референдум өлкөдөгү Конституциялык реформа менен чогуу өткөрүлөөрүн айтып, мындай иш чарага ири чыгым кетпейт деген пикирде:

- Бул жерде көп чыгым жумшалбайт. Анткени Конституциялык реформаны референдумга алып чыгыбыз деп жатышпайбы. Ошонун эле экинчи суроосу кылып Жогорку Кеңешти таратууга макулсузбу же жокпу деген суроо койуш керек.

Ал эми Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Боло Шерниязов март ыңкылабынан бери парламент аткаруу бийлигинин айтканын жасап келгендигин айтып, парламентти таратуу зарылдыгы жок деген ойдо:

- Алты айдын ичинде парламент президент сунуш кылган кайсыл мыйзамга бут тосту, кайсыл сунушуна бут тосту? Аткаруу бийлиги өздөрүнө өздөрү бут тосуп келет.

XS
SM
MD
LG