Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:42

Текебаев депутаттардын укугун коргойт, бирок айрым маселелерди тактагысы келет


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев «Эркиндик» саясий партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиевдин сөзүн төгүндөп, аны менен парламентти таратуу тууралуу сүйлөшүү болбогондугун тастыктоону президенттин өкүлүнөн талап кылат. Төрага 15-сентябрда парламентте ушундай билдирүү жасады:

- Топчубек Тургуналиевдин эки жерде интервьюсун окудум. Кечээ «Дело №» гезитинде да интервьюсу жүрөт. Ошол жерде айтат, мен президент менен сүйлөшүп чыктым. Ал азыр парламент тарайт деп айталбайт да. Иштейм деп айтат да түшүнбөйсүңөрбү деп атат.

«Дело №» гезитинде парламентти таркатууга президент пикир айта электигин эске алган суроого жооп берип жатып, Топчубек Тургуналиев бул жерде кылдат маселелер барын, президент бир күн болсо да парламент менен иштешиши керектигин, себеби анын алдында өкмөттү бекитүү, бир катар мыйзамдарды парламенттен өткөрүү зарылдыгы барын билдирген.

Депутат Алишер Сабиров болсо кол топтоону мыйзамсыз деп эсептейт. Депутат Сооронбай Жээнбеков учурда «Референдум жөнүндөгү» мыйзам долбоорун парламенттин кароосуна даярдап жатат. Ал эми «Эркиндик» саясий партиясынын өкүлү Адылбек Касымов парламентти таркатуу демилгесин көтөргөн демилгечи топтун мүчөлөрүн каттоого алууга юстиция министрлиги макулдук берди деп билдирди.

XS
SM
MD
LG