Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:09

Үй куруучулар бийликтен уруксатсыз жер ээлеп алышты


БИШКЕК. Үй куруучулардын «Алтын казык» деп аталган коомунун 700 чамалаш мүчөсү Бишкек шаарынын түштүк тарабындагы, АКШ элчилиги жайгашкан аймакка жакын жердеги 36 гектар аянтты бийликтин уруксатысыз өз алдынча бөлүп ала башташты. Алар муну төрт-беш айдан бери жер маселесин бийлик чечип бербегендиктен жасап жаткандыгы менен түшүндүрүшүүдө. Коомдун мүчөлөрү менен бул күнү Бишкек шаарынын мэри Арстанбек Ногоев жолугушуп, маселени Бишкек шаардык кеңешинде талкуулап, бир жаңсыл чечип берүүнү убада кылды. Бишкек шаар мэри өз алдынча жер басып алуучулар мыйзам чегинде жоопко тартыларын өткөн айда Бишкек шаардык кеңешинин отурумунда билдирген. Ал эми шаардык кеңеш жерге байланышкан маселелерди териштирүү максатында комиссия түзгөн.

XS
SM
MD
LG