Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:02

Кыргыз-өзбек чегарасындагы окуя боюнча сүйлөшүү уланууда


БИШКЕК. Кыргыз-өзбек чегарасында 5-сентябрда болгон окуя боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр бейшемби күнү улантылды. Бул тууралуу Кыргызстандын чегара кызматынын маалымат катчысы Гүлмира Бөрүбаева билдирди. 5-сентябрда Жалалабаддагы чегара отрядынын Кошдөбө чегара бекетинде Кыргызстандык үч аскер кызматчысына өзбекстандык атайын даядыктагы 10 аскер кызматчысы катылып, мушташ чыгаруу аракетин жасаган жана АКС-74 үлгүсүндөгү куралды 3 магазини жана 75 огу менен тартып алышкан. Чатактын пайда болушуна аталган аймактагы чегаранын аныктала электиги, демаркацияланбагандыгы себеп болуп, эки тарап тең аймак боюнча өз дооматтарын койгон. Өткөн он күн ичинде маселени териштирүү жана куралды кайтаруу жаатында Өзбекстан менен Кыргызстандын аймактарында алмак-салмак сүйлөшүүлөр жүрүп, бирок бир пикирге келише элек. Кезектеги сүйлөшүү 15-сентябрдын кечинде Жалалабаддын Бекабад пунктунда башталды. Ага Кыргызстан тараптан чегара кызмат башчысынын орун басары Садырбек Дубанаев катышууда.

XS
SM
MD
LG