Баш катчы Кофи Аннан саммитте корутунду декларация кабыл алынганын кубаттады, бирок көп өлкөлөр документке коомуту толбогонун билдиришти. Декларация геноцид жана улуттук тазалоо иштерине эл аралык коомчулукту токтоосуз кийлигишүүгө милдеттендирет, адам укуктары боюнча жаңы кеңеш түзүүнү, жакырчылыкка каршы күрөштүн бир катар чараларын аныктайт.Бирок терроризмге жана ядролук куралдарды таркатууга каршы күрөштө дүйнө лидерлери бирдей позицияга келе алышкан жок. Тигил же бул жүйөөдөн улам декларацияны Канада, Беларус, Индонезия, Куба жана Венесуэла сынга алышты.