Линктер

жума, 23-июнь, 2017 Бишкек убактысы 20:06

Ирактын Конституциясынын долбоору даяр


Ирактын парламенти өлкө Конституциясынын долбооруна акыркы өзгөртүүнү киргизди. Эми анын тексти БУУга жиберилип, 5 миллион нуска менен басылат. Ал 15-октябрда өтө турган референдум алдында өлкө элине таратылат. Ал эми Ирактын түштүгүндөгү Басра шаарында бир нече жүз адам нааразылык акциясына чыгышып, шаардын көчөлөрүн тосуп алышты. Алар муну менен шиилердин өткөн жума күнү камакка алынган радикалдуу топ жетекчисин бошотууну талап кылышты.

XS
SM
MD
LG