Кечээ күнү Алманияда өткөрүлгөн парламенттик шайлоодо канцлер Герхард Шрөдер жетектеген коалиция жеңишке жетише алган жок. Расми жыйынтык чыгарыла элек, бирок алдын ала алынган маалыматтарга караганда, Ангела Меркел жетектеген коалиция добуштардын 35 пайызына ээ болушу мүмкүн, Шрөдердин коалициясынын колуна болсо 34 гана пайыз тийет. Меркелдин айтымында, Алманияны мындан ары Шрөдер башкарбайт:
- Биздин аракеттерибизден улам, социал-демократтар менен жашылдардын коалициясы бийликтен четтетилди. Жана бул - жакшы жаңылык!
Азыр ар башка партиялар менен фракцияллар ортосунда кызуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, Меркелдин айтымында болсо, өкмөт түзүү мүмкүнчүлүгү ага берилүүгө тийиш. Мурдагы канцлер Герхард Шрөдердин айтымында, өлкөдө күчтүү өкмөт түзүү анын гана колунан келет.