Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:59

Мамлекет жетекчилери Эркинбаевдин өлүмүнө байланыштуу пикирлерин билдиришти


БИШКЕК. Ички иштер министринин милдетин аткаруучудан кийин коопсуздук кеңештин катчысы Мирослав Ниязов, премьер-министр Феликс Кулов, президент Курманбек Бакиев катары менен сөз сүйлөдү. Мирослав Ниязов өлкөдө кылмыштуулуктун өсүшүн тартип коргоо органдарынын алсыздыгы менен байланыштырып, абалдан чыгуу үчүн аларды бекемдөө керектигин сунуштады. Ал эми Феликс Кулов кылмыш дүйнөсү менен тартип коргоо органдары жуурулушуп кеткенин, ал эми күч структураларынын чынчыл өкүлдөрү кылмыштуулукка каршы күрөшүүдөн чочулап турганын билдирди. «Баяман Эркинбаев жекшемби күнү мени менен жолугушуп, аны өлтүрүүгө ниеттенген адамдын билеерин айтып, анын атын мага атады. Мен ал кишинин атын тергөөчүлөргө айтып беремин», - деди Феликс Кулов.

XS
SM
MD
LG