Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:50

Аба ырайы


Синоптиктердин билдирүүсү боюнча, 25-сентябрда Кыргызстанда ала булут каптап турат, күндүз мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт, тоолорго кар түшөт.

Абанын температурасы:

Сарыөзөн ЧҮЙдө түнкүсүн +7...+12, күндүз +20...+25 градус жылуу. ТАЛАС дубанында түнкүсүн +2...+7, күндүз +18...+23 градус жылуу болот. БАТКЕН, ОШ, ЖАЛАЛАБАТ аймактарында күндүн жылуулугу түнкүсүн +10...+15, күндүз +24...+29 градус. ЫСЫККӨЛ ойдунунда түнкүсүн +7...+12, күндүз +18...+23 градус жылуу. Тоолуу НАРЫНда күндүн жылуулугу түнкүсүн +3...+8, күндүз +20...+25 градус.

БИШКЕК шаарында ала булут каптап турат, күндүз жаан-чачындын болушу күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн +10...+12, күндүз +22...+24 градус жылуу болот.

Кабарлар топтомун Бурулкан Турдубек кызы, Шайырбек Эркин уулу жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор – Шайырбек Эркин уулу

XS
SM
MD
LG