Негизинен экстремисттик топтордун, алардын ичинде “Хамас” уюмунун аскери жайлары бомбаланды. Курман болгондор жок. Кечээ “Хамас” өз тарапкерлерин Израилди ракетадан аткылоону токтотууга жана Каирде жетишилген жарашуу келишимин так сактоого чакырган эле. Ал эми “Ислам жихады” уюму, тескерисинче, өз жааткерлерин өч алууга үндөп жатат. Израилде болсо башкаруучу “Ликуд” партиясы өз лидерин шайлап жатат. Азыркы премьер Ариэл Шарондун ордуна “Ликудду” мурдагы премьер Бенямин Нетаняху жетектеп калышы ыктымал деген божомолдор бар.