Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:55

Университет округунда шайлоонун экинчи айлампасы өткөрүлөт


БИШКЕК. 2-октябрда Бишкетеги №1-Университет шайлоо округу боюнча Жогорку Кенештин депутатын шайлоонун экинчи айлампасы өткөрүлөт.18-сентябрда өткөн бул шайлоонун биринчи айлампасында депутаттык учун ат салышкан алты талапкердин ичинен журналист Болотбек Марипов шайлоочулардын 41 пайыздан ашык, ал эми Жогорку Кенештин мурдагы депутаты Эркин Бөлөкбаев 32, 6 пайыз добуш менен алдыга чыгышкан. Аталган аймакта кайра шайлоо өткөрүүгө ушул жылдын февраль-март айларында өткөн шайлоонун жыйынтыктары жараксыз деп табылышы себеп болгон. Университет шайлоо округунан мурда шайланган депутат Бермет Акаеваны Борбордук шайлоо комиссиясы үгүт маалында мыйзам бузду деген негиздеме менен мандатынан ажыраткан.

XS
SM
MD
LG