Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:57

Ошто шаар күнү белгиленди


ОШ. Ошто ар жыл сайын 4-октябрда белгиленип келген шаар күнүн майрамдоо иш чарасы рамазан айынын башталып жаткандыгына байланыштуу 2-октябрга жылдырылды. Бул жөнүндө “Азаттык” радиосуна билдирген шаар мэри Жумадыл Исаков шаар күнүн белгилөөнүн алкагында шаарда ар кандай тармакта иштеп, өзүн көргөзгөн кызматкерлер сыйлангандыгын билдирди. Мындан сырткары майрамдык иш чаранын жүрүшүндө алтымыш жаш жубайдын үйлөнүү үлпөтү жана жыйырма баланы сүннөткө олтургузуу аземи бир мезгилде, бир жерде уюштурулду. Ар улуттун өкүлдөрүнөн турган аталган аземдин күнөөкөрлөрүн куттуктаган шаар мэри Жумадыл Исаков аларга атайын эстелик белектерди тапшырды. Шаар күнү маданий көңүл ачуучу программалар менен коштолду.

XS
SM
MD
LG