Линктер

дүйшөмбү, 25-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 19:33

Университет округунда шайлоонун экинчи айлампасы өттү


БИШКЕК. Бүгүн №1 Университет округу боюнча парламент депутатын кайра шайлоонун экинчи айлампасы өттү. 18-сентябрда өткөн биринчи айлампада Болот Марипов 42 пайызга жакын, Эркин Бөлөкбаев 32 пайыздан ашык добуш алган. Бул округ боюнча февраль айында өткөн парламенттик шайлоодо экс-президенттин кызы Бермет Акаева жеңүүчү деп табылган. Бирок Башкы прокуратура берген материалдарды жана арыздарды иликтеп чыккан соң БШК 16-майда шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, Бермет Акаеваны депутаттык мандатынан ажыраткан. БШКнын маалымат кызматы билдиргенге караганда, Университет округунда саат 16га карата шайлоочулардын 24 пайызы добуш берди.
XS
SM
MD
LG