Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:53

ЭМНЕ ҮЧҮН КЫРГЫЗСТАНДА ЭЛ АРАЛЫК МУЗЫКА КҮНҮ БЕЛГИЛЕНБЕЙТ?


Ар жыл сайын дүйнөнүн музыкалык коомчулугу ЮНЕСКОнун музыкалык кеңешинин чечими боюнча, 1975-жылдан бери 1-октябрды эл аралык музыка күнү катары салтанаттуу белгилеп келишет. Кыргызстандагы музыкалык коомчулуктун эл аралык музыка күнүн белгилөөдөгү айрым маселелери жөнүндө кабарчыбыз методикалык борбордун директору, композитор Турдубек Чокиев менен баарлашкан.

-Турдубек мырза, өзүңүз жакшы билгендей 20 жылдан бери ар жыл сайын дүйнөнүн музыкалык коомчулугу ЮНЕСКОнун музыкалык кеңешинин чечими менен 1-октябрды эл аралык музыка күнү катары салтанаттуу белгилеп келишет. Кыргызстанда 14 театр, 3 филармония, 2 жогорку, 8 атайын орто, 80ге жакын балдардын музыкалык мектептери, бир нече хор, оркестр, эстарда жааматтары бар. Мына ушундай чоң жамааттардын арасында эмне үчүн эл аралык музыка күнү ар жыл сайын салттуу түрдө белгиленбейт?

- Эл аралык музыка күнү бизде такыр белгиленбей, унутта калып келет. Кептин ачыгын айтканда, аны өткөрүүгө бир да жетекчи кызыгышпайт. Ошондуктан республикада бул күн белгиленбей келет.

- Кыргызстанда эки чыгармачылык союз, бир бөлүм бар. Бири композиторлор союзу, экинчиси маэстро Асанкан Жумакматов жетектеген республиканын музыка ишмерлеринин жана эл аралык Академиянын чыгармачылыгынын Кыргызстандагы бөлүмү. Ушул үч чыгармачылык союз республикада Эл аралык музыка күнүн белгилөөдө кандай салымдарды кошууда?

- Сөздүн ток этер жерин айтканда, эки уюм тең эл аралык музыка күнүн өткөрүүгө кызыгышпайт. Менин оюмча, композиторлор союзу музыкалык мектептерде, жогорку окуу жайларында жолугушууларды өткөрүп турушса жакшы болоор эле. Менимче, андай аты бар, заты жок уюмдардын кимге кереги бар?

- Маегиңиз үчүн чоң рахмат!
XS
SM
MD
LG