Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:39

Жогорку Кеңештин комиссиясы көчүп келген кыргыздардын абалын талкуулады


БИШКЕК. 6-октябрда Жогорку Кеңештин эмгек миграциясы боюнча комиссиясынын жыйыны болуп, анда Тажикстан жана Өзбекстандан түпкү Мекенине ооп келген кыргыздардын абалы талкууланды. Жыйынга комиссия төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Исабеков, Миграция жана калкты иш менен камсыздоо комитетинин төрагасы Айгүл Рыскулова баш болгон жооптуу кызматкерлер жана коңшу өлкөлөрдөн көчүп келген кыргыздардын өкүлдөрү катышты. Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанга көчүп келген мекендештер саны 13370 киши. Алардын жарымынан көбүрөөгү өлкөнүн түндүк, калганы түштүк облустарында жайгашкан. Көчүп келгендердин 80 пайызы Тажикстандан, калган 20 пайызы Өзбекстандан келген. Түп мекенине көчүп келгендердин көпчүлүгүн кыргыз атуулдугун алуу жана паспортко ээ болуу маселеси кыйнап келатат. Комиссиянын жыйынында бул маселени чечүүгө көмөктөшүү тийиштүү кызматтарга табышталды.

XS
SM
MD
LG