Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:09

Данияр Үсөнов өкмөткө кайтып келди


БИШКЕК. Президент Курманбек Бакиевдин 10-октябрдагы жардыгына ылайык, Данияр Үсөнов биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Данияр Үсөнов «Өкмөттүн түзүмү жөнүндөгү» мыйзам ишке киргендигине байланыштуу өткөн жумада вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучулук кызматынан бошотулган. Үсөновдун бул кызматка кайра дайындалышын президенттин маалымат кызматынын башчысы Досалы Эсеналиев төмөнкүдөй негиздеди:

- Жардыкка кол коюунун негизги себеби эки нерседе. Биринчиден, президенттин атына Жогорку Кеңештин 46 депутаттын атынан Үсөновду ушул кызматка колдонууну суранган чоң кайрылуу түшкөн. Экинчиден, өзүнүздөргө белгилүү, Үсөнов Данияр экс-президент Аскар Акаевге жана үй-бүлөсүнө, жакындарына тийиштүү мүлктү аныктоо боюнча мамлекеттик комиссияны жаз айларынан бери жетектеп келген. Комиссиянын ишин да аягына чыгаруу керек.

Президент Курманбек Бакиев Данияр Үсөновду сентябрь ичинде 1-вице-премьер-министрлик кызматка 3 талапкердин бири катары парламентке сунуштаган. Бул олуттуу талаш-тартышты жараткандыктан, Үсөнов өз талапкердигин алып койгон. Мындай кадам президенттин бардык сунуштарды кайтарып алуусун шарттаган.

XS
SM
MD
LG